# 802-статья. Тапшырма келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 802-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-802

---

1. Тапшырма келишими боюнча бир тарап (ишеним берилген) экинчи тараптын (ишеним берүүчүнүн) атынан белгилүү бир юридикалык иш-аракеттерди аткарууга милдеттенет. Ишеним берилген жак түзгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан укуктар менен милдеттенмелер түздөн-түз ишеним берүүчүнүкү болуп калат.

2. Тапшырма келишими ишеним берилген жак ишеним берүүчүнүн атынан аракет жасай турган мезгили көрсөтүлүп же көрсөтүлбөстөн түзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [801-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-801)  
Кийинки берене: [803-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-803)
