# 800-статья. Чектин төлөнбөгөндүгү жөнүндө билдирүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-800>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-800.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 800-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-800

---

1. Чекти кармоочу өзүнүн индоссантына же чек берүүчүгө протест же ага тете акт жазылгандан кийинки эки иш күнүндө чектин төлөнбөгөндүгү жөнүндө билдирүүгө тийиш.

Ар бир индоссант өзү билдирүү алган күндөн кийинки эки иш күнүнүн ичинде өзүнүн индоссантына билдирүү алгандыгы жөнүндө маалымдоого тийиш. Ошол эле мөөнөттө ушул жак үчүн аваль бергенге билдирилет.

2. Аталган мөөнөттө билдирүү жибербеген жак чек боюнча өзүнүн укугун жоготпойт. Ал чектин төлөнбөгөндүгү жөнүндө билдирилбегендиктен келтирилген чектин суммасынын чегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [799-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-799)  
Кийинки берене: [801-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-801)
