# 799-статья. Чекти төлөөдөн баш тартууну күбөлөндүрүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-799>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-799.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 799-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-799

---

1. Чекти төлөөдөн баш тартуу төмөндөгү ыкмалардын бири менен күбөлөндүрүлөт:

1) нотариустук тартипте каршы пикир (протест) жазуу же ага тете келген актыны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жазуу;

2) төлөөчүнүн төлөөдөн баш тарткандыгы жөнүндө чектин төлөөгө коюлган датасы менен кошо чекке жазуу;

3) инкассалоочу банктын чектин төлөөгө өз убагында берилгендиги жана төлөөдөн баш тартылгандыгы жөнүндө датасын көрсөтүү менен жазуусу.

2. Протест же ага тете акт чектин төлөөгө көрсөтүү мөөнөтү өткөнгө чейин жазылууга тийиш.

Эгерде чек төлөөгө мөөнөтүнүн акыркы күнү коюлса протест же ага тете акт андан кийинки иш күнүндө жазылышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [798-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-798)  
Кийинки берене: [800-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-800)
