799-статья. Чекти төлөөдөн баш тартууну күбөлөндүрүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 38-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207
1. Чекти төлөөдөн баш тартуу төмөндөгү ыкмалардын бири менен күбөлөндүрүлөт:
1) нотариустук тартипте каршы пикир (протест) жазуу же ага тете келген актыны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жазуу;
2) төлөөчүнүн төлөөдөн баш тарткандыгы жөнүндө чектин төлөөгө коюлган датасы менен кошо чекке жазуу;
3) инкассалоочу банктын чектин төлөөгө өз убагында берилгендиги жана төлөөдөн баш тартылгандыгы жөнүндө датасын көрсөтүү менен жазуусу.
2. Протест же ага тете акт чектин төлөөгө көрсөтүү мөөнөтү өткөнгө чейин жазылууга тийиш.
Эгерде чек төлөөгө мөөнөтүнүн акыркы күнү коюлса протест же ага тете акт андан кийинки иш күнүндө жазылышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
799-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
16.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартипте каршы пикир (протест) жазуу же ага тете келген актыны алынып салынды: мыйзамда кошулду: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жазуу;
2) төлөөчүнүн төлөөдөн баш тарткандыгы … протест же ага тете акт андан кийинки иш күнүндө жазылышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-799" title="799-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>