# 796-статья. Төлөм гарантиясы (аваль)

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-796>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-796.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 796-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-796

---

1. Чек боюөча төлөм толугу менен же жарым-жартылай түрдө төлөмдү гарантиялоо (аваль) аркылуу гарантияланышы мүмкүн.

Төлөм боюнча гарантия (аваль) төлөөчүдөн тышкары ар кандай тараптан берилиши мүмкүн.

2. Аваль чектин арткы бетине же кошумча баракка "аваль катары эсептелинсин" деген жазууну жазуу жана ким тарабынан кимге берилгендигин көрсөтүү менен коюлат. Эгерде кимге берилгендиги көрсөтүлбөсө анда аваль чекти көрсөтүүчүгө берилди деп эсептелинет. Авальга аны берүүчү өзүнүн дарегин (орун алган жерин) жана бул жазуу жазылган датасын көрсөтүү менен авалист кол коет.

3. Авалист, аваль берилген киши кандай жооп берсе ошондой эле жооптуу болот (313-статья).

Анын милдеттенмеси, эгерде ал гарантиялаган милдеттенме форманын кемчилдигинен башка кандайдыр бир негиздер боюнча анык эмес болуп калган учурда да күчүндө болот.

4. Чекти төлөгөн авалист ал ким үчүн гарантия берилгенге жана акыркысы кимдин алдында милдеттүү болгонго карата да ал чектен келип чыгуучу укукка ээ болот.

---

Мурунку берене: [795-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-795)  
Кийинки берене: [797-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-797)
