# 793-статья. Чектин реквизиттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2017 [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281638..1281639>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 793-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-793

---

1. Чек төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) документтин текстине киргизилген "чек" деген аталышты;

2) белгилүү акча суммасын төлөп берүү жөнүндөгү төлөөчүнүн тапшырмасын;

3) төлөөчүнүн фирмалык аталышын жана төлөм төлөнүүчү эсептин маалыматтарын;

4) төлөө жүргүзүлүүчү валютанын аталышын;

5) чектин жазылган жеринин жана датасынын көрсөтүлүшүн;

6) чекти жазып берген адамдын (чек берүүчүнүн) колтамгасын же өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган факсимилдик колтамгасын.

Аталган реквизиттердин бирөөнүн гана жоктугу чек катары анын күчүн жоготот.

2. Чектин формасы жана аны толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [792-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-792)  
Кийинки берене: [794-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-794)
