# 792-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 792-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-792

---

1. Чек менен эсептешүүлөрдө (45-статья) чек боюнча төлөөчү катары чек берүүчүнүн каражаты анда турган жана ал каражатты чек берүү аркылуу тескей алууга укугу бар болгон банк гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

2. Чектин берилиши ал чек аткаруу үчүн берилген акча милдеттенмесин жаппайт.

3. Чекти төлөөгө берүү мөөнөтү аяктамайынча аны кайра чакырып алууга жол берилбейт.

4. Төлөм айлампасында чекти пайдалануу тартиби жана шарттары ушул Кодекс менен, ал эми мында жөнгө салынбаган бөлүгү-Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [791-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-791)  
Кийинки берене: [793-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-793)
