# 788-статья. Аккредитивди жабуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-788>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 788-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-788

---

1. Аккредитив аткаруучу банкта:

аккредитивдин мөөнөтү бүткөндө; каражатты алуучунун аккредитивди пайдалануудан анын күчүндө болуу мөөнөтү бүткөнгө чейин баш тарткандыгы жөнүндө арызы боюнча, эгерде мындай баш тартуу мүмкүнчүлүгү аккредитивдин шарттарында каралса; төлөөчүнүн аккредитивди жарым-жартылай же толугу менен чакырып алгандыгы жөнүндөгү талабы боюнча, эгерде мындай чакырып алуу мүмкүнчүлүгү аккредитивдин шарттарында каралган учурда жабылат. Аккредитивдин жабылышы жөнүндө аткаруучу банк эмитент-банкка билдирүүгө тийиш.

2. Депого коюлган аккредитивдин каражатынын пайдаланылбаган суммасы аккредитивдин жабылышы менен кошо эмитент-банкка кайтарылууга тийиш. Эмитент-банк кайтарылган сумманы төлөөчүнүн каражат депого коюлган эсебине кошуп эсептөөгө милдеттүү.

4-§. Инкассо боюнча эсептешүүлөр

---

Мурунку берене: [787-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-787)  
Кийинки берене: [789-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-789)
