# 786-статья. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-786>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-786.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 786-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-786

---

1. Эгерде аткаруучу банк тышкы белгилери боюнча аккредитивдин шарттарына ылайык келбеген документтерди кабыл алуудан баш тартса, анда ал бул жөнүндө баш тарткандыгынын себебин көрсөтүү менен токтоосуз түрдө каражат алуучуга жана эмитент-банкка билдирүүгө милдеттүү.

2. Эгерде эмитент-банк аткаруучу банк кабыл алган документтерди алып, тышкы белгилери боюнча ал документтер аккредитивдин шарттарына ылайык келбейт деп эсептесе, ал документтерди кабыл алуудан баш тартып, каражат алуучуга аккредитивдин шарттарынын бузулушу менен төлөп берген сумманы аткаруучу банктан талап кылууга, ал эми жабылбаган аккредитив боюнча - төлөнүп берилген сумманын ордун толтуруп берүүдөн баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [785-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-785)  
Кийинки берене: [787-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-787)
