# 785-статья. Аккредитивдин аткарылышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 785-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-785

---

1. Аккредитивдин аткарылышы үчүн каражатты алуучу аткаруучу банкка аккредитивдин бардык шарттарынын аткарылышын ырастаган документтерди берет. Ушул шарттардын бирөө гана бузулган учурда аккредитив боюнча төлөм төлөнбөйт.

2. Эгерде аткаруучу банк төлөмдү же башка операцияны аккредитивдин шарттарына ылайык аткарса, эмитент-банк анын тарткан чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. Аталган чыгымдардын, ошондой эле эмитент-банктын аккредитивди аткарууга байланыштуу башка чыгымдарынын ордун төлөөчү толтуруп берет.

---

Мурунку берене: [784-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-784)  
Кийинки берене: [786-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-786)
