# 784-статья. Чакырылбаган аккредитив

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-784>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-784.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 784-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-784

---

1. Чакырылбаган аккредитив деп каражат алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же алып салууга болбогон аккредитив эсептелет.

2. Эмитент-банктын өтүнүчү боюнча аккредитивдик операцияларга катышып жаткан аткаруучу банк чакырылбаган аккредитивди (гарантияланган аккредитивди) ырастай алат. Мындай ырастоо аткаруучу банктын эмитент-банктын милдеттенмесине кошумча кылып төлөмдү аккредитивдин шартына жараша жүргүзүү милдеттенмесин алганын билдирет.

Аткаруучу банк ырастаган чакырылбаган аккредитив аткаруучу банктын макулдугусуз өзгөртүлүшү же алып салынышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [783-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-783)  
Кийинки берене: [785-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-785)
