# 780-статья. Тапшырманы аткаруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-780>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-780.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 780-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-780

---

1. Клиенттин төлөм тапшырмасын кабыл алган банк тийиштүү акча суммасын ушул Кодекстин 777-статьясынын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө тапшырмада көрсөтүлгөн жактын эсебине киргизүү үчүн каражатты алуучунун банкына которууга милдеттүү.

2. Банк клиенттин тапшырмасында көрсөтүлгөн жактын эсебине акча которуу боюнча операцияларды аткаруу үчүн башка банктарды тартууга укуктуу.

3. Банк төөлөөчүнүн талабы боюнча анын тапшырмасынын аткарылгандыгы тууралуу токтоосуз ага билдирүүгө милдеттүү. Тапшырманын аткарылгандыгы тууралуу билдирүүнү жазуунун тартиби жана анын мазмунуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында же тараптардын ортосундагы келишимде каралат.

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [779-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-779)  
Кийинки берене: [781-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-781)
