# 779-статья. Банктын төлөм тапшырмасын кабыл алуу шарты

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-779.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 779-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-779

---

1. Төлөм тапшырмасынын жана аны менен чогуу берилүүчү документтердин мазмуну жана формасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга жооп берүүгө тийиш.

2. Төлөм тапшырмасы ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарга жооп бербеген учурда банк тапшырманын мазмунун тактай алат. Мындай суроо-талап төлөөчүгө анын тапшырмасын алгандан кийин токтоосуз коюлууга тийиш. Мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде, эгерде алар болбосо - акылга сыярлык мөөнөттө банк жооп ала албаган учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында же банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, анда банк тапшырманы аткарбастан калтырып, аны төлөөчүгө кайтарып бере алат.

3. Эгерде банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, төлөөчүнүн тапшырмасын банк анын эсебинде акча каражаты болгон учурда гана кабыл алат. Тапшырма банк тарабынан эсептен акча каражатын чыгаруунун кезектүүлүгүн (770-статья) сактоо менен аткарылат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [778-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-778)  
Кийинки берене: [780-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-780)
