# 778-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 778-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-778

---

1. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүдө банк төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча анын эсебинде болгон каражаттардан белгилүү бир акча суммасын төлөөчү көрсөткөн ушул банктагы же башка банктагы жактын эсебине, мыйзамда каралган же ага ылайык белгиленген мөөнөттө, эгерде банк эсебинин келишиминде же банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салтында андан кыскараак мөөнөт белгиленбесе, которууга милдеттенет.

2. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүнү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [777-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-777)  
Кийинки берене: [779-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-779)
