# 771-статья. Эсептен акча каражатын чыгарып салуунун кезектүүлүгү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-771.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 771-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-771

---

1. Эсепте клиентке коюлган талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү өлчөмдөгү акча каражаты болгон учурда, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, эсептен каражат чыгарып салуу жөнүндөгү клиенттин буйругу жана башка документтер келип түшкөн тартипте (календардык кезектүүлүк) акча каражаты эсептен чыгарылат.

2. Эсепте клиентке коюлган бардык талаптарды канааттандыруу үчүн акча каражаты жетишсиз болгон учурда, эсептен акча каражаты төмөнкү тартипте чыгарылат:

биринчи кезекте адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу талаптарды, ошондой эле алименттерди төлөтүү боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн акча каражатын эсептен берүүнү же которууну белгилеген аткаруу документтери боюнча эсептен чыгарылат; экинчи кезекте чыгуу пособиелерин жана эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштеген адамдардын эмгек акысын төлөп берүү, ошондой эле автордук келишим боюнча сыйлык акыларды төлөп берүү үчүн акча каражатын эсептен берүүнү же которууну белгилеген аткаруу документтери боюнча акча каражаты эсептен чыгарылат; үчүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөөлөрдү белгилеген аткаруу документтери боюнча акча каражаты эсептен чыгарылат; төртүнчү кезекте башка талаптарды канааттандыруу каралган аткаруу документтери боюнча акча каражаты эсептен чыгарылат; бешинчи кезекте башка төлөө документтери боюнча календардык кезектүүлүктө акча каражаты эсептен чыгарылат. Кезектүүлүгү бирдей болгон талаптар боюнча акча каражаты документтердин келип түшкөн календардык кезектүүлүгү боюнча чыгарылат.

---

Мурунку берене: [770-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-770)  
Кийинки берене: [772-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-772)
