# 768-статья. Эсептеги акча каражаттарын банк пайдалангандыгы үчүн проценттер

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-768>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-768.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 768-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-768

---

1. Эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, анда клиенттин эсебиндеги акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн банк процент төлөп берет жана анын суммасы клиенттин эсебине кошулуп эсептелет.

Проценттер банк тарабынан банк эсебинин келишиминде аныкталган өлчөмдө, ал эми келишимде тийиштүү шарт каралбаса - адатта талап кылганга чейинки аманаттар боюнча (752-статья) банк төлөп берүүчү өлчөмдө төлөнөт.

2. Проценттин суммасы банк эсебинин келишиминде аныкталган мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт каралбаса - ар квартал өткөндөн кийин эсепке кошулуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [767-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-767)  
Кийинки берене: [769-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-769)
