# 766-статья. Эсепти кредиттөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-766.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 766-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-766

---

1. Банк эсебинин келишимине ылайык эсепте акча каражатынын жоктугуна карабастан банк эсептен төлөө жүргүзгөн учурда (эсепти кредиттөө) банк клиентке мындай төлөө жүргүзүлгөн күндөн баштап тийиштүү суммада клиентке кредит берди деп эсептелет.

2. Эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, эсепти кредиттөөгө байланыштуу тараптардын укуктары менен милдеттери кредит жөнүндөгү эрежелер (34-глава) менен аныкталат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [765-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-765)  
Кийинки берене: [767-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-767)
