# 763-статья. Эсептеги акча каражатын тескөө укугун күбөлөндүрүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-763>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-763.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 763-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-763

---

1. Клиенттин атынан эсептен каражаттарды которууну же берүүнү тескеген адамдын укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана келишимде каралган документтерди клиенттин банкка берүүсү менен күбөлөндүрүлөт.

2. Клиент үчүнчү жактардын талабы, анын ичинде клиенттин ал жактардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу талабы боюнча өз эсебинен акча каражатын чыгарып салуу жөнүндө банкка буйрук бере алат. Банк мындай буйрукту анда тийиштүү талап коюлганда талап коюуга укугу бар жактарды таанып билүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн шартта кабыл алат.

3. Банк эсебинин келишиминде эсептеги акча каражатын тескөө боюнча укуктарды электрондук байланыш каражаттары жана башка документтер аркылуу аларда өз колтамгасынын аналогдорун (176-cтатьянын 2-пункту), коддорду, паролдорду жана буйруктун буга укук берилген адам тарабынан берилип жаткандыгын ырастаган башка каражаттарды пайдалануу менен күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [762-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-762)  
Кийинки берене: [764-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-764)
