763-статья. Эсептеги акча каражатын тескөө укугун күбөлөндүрүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 37-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207
1. Клиенттин атынан эсептен каражаттарды которууну же берүүнү тескеген адамдын укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана келишимде каралган документтерди клиенттин банкка берүүсү менен күбөлөндүрүлөт.
2. Клиент үчүнчү жактардын талабы, анын ичинде клиенттин ал жактардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу талабы боюнча өз эсебинен акча каражатын чыгарып салуу жөнүндө банкка буйрук бере алат. Банк мындай буйрукту анда тийиштүү талап коюлганда талап коюуга укугу бар жактарды таанып билүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн шартта кабыл алат.
3. Банк эсебинин келишиминде эсептеги акча каражатын тескөө боюнча укуктарды электрондук байланыш каражаттары жана башка документтер аркылуу аларда өз колтамгасынын аналогдорун (176-cтатьянын 2-пункту), коддорду, паролдорду жана буйруктун буга укук берилген адам тарабынан берилип жаткандыгын ырастаган башка каражаттарды пайдалануу менен күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
763-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
16.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эсептен каражаттарды которууну же берүүнү тескеген адамдын укуктары алынып салынды: мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде кошулду: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана келишимде каралган документтерди клиенттин банкка берүүсү менен … башка каражаттарды пайдалануу менен күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-763" title="763-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>