# 762-статья. Банк эсебинин келишимин түзүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-762>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-762.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 762-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-762

---

1. Банк эсебинин келишими боюнча банк клиентке же ал көрсөткөн жакка тараптар макулдашкан шартта банк эсебин ачат.

2. Банк банктык мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык келген жана банк тарабынан ушундай түрдөгү эсепти ачуу үчүн жарыяланган шартта эсеп ачуу аркылуу кайрылган клиент менен келишим түзүүгө милдеттүү.

Банктын мыйзамда, банктын уюштуруу документтеринде жана өзүнө берилген уруксатта (лицензияда) каралган тийиштүү операцияларды аткаруудан баш тартууга, мындай баш тартуу банктык тейлөөгө кабыл алуу үчүн банктын мүмкүнчүлүгү жок болгон же мындай тейлөөгө мыйзам тарабынан жол берилбеген учурлардан тышкары, укугу жок. Банк келишимин түзүүдөн банк негизсиз баш тарткан учурда клиент ушул Кодекстин 406-статьясынын 4-пунктунда каралган талаптарды ага коюуга укуктуу. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [761-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-761)  
Кийинки берене: [763-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-763)
