# 760-статья. Банк эсебинин келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 760-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-760

---

1. Банк эсебинин келишими боюнча банк, белгиленген тартипте берилген лицензияга ылайык тийиштүү укук берилген банк клиентке (эсептин ээсине) ачылган эсепке келип түшкөн акча каражатын кабыл алууга жана аны эсепке кошууга, клиенттин эсептен тийиштүү сумманы которуу же берүү жөнүндөгү буйругун жана башка операцияларды эсеп боюнча аткарууга милдеттенет.

2. Банк клиенттин банк эсебинде болгон акча каражатын, клиенттин эсептеги сумманын чектеринде ал каражатты каалаган убакта тоскоолсуз тескөө боюнча укуктарын гарантиялоо менен, пайдалана алат.

3. Клиент өзүнүн банк эсебиндеги акча каражатын өз алдынча тескейт.

Банктын клиенттин акча каражатын пайдалануу багытын аныктоого жана көзөмөлдөөгө, анын акча каражатын өз алдынча тескөө боюнча укуктарын мыйзамда же келишимде каралгандан тышкары башкача түрдө чектөөгө укугу жок. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [759-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-759)  
Кийинки берене: [761-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-761)
