# 759-статья. Сактык (депозиттик) сертификат

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-759>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-759.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 759-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-759

---

1. Сактык (депозиттик) сертификат банкка салынган салымдын суммасын жана белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин салымдын суммасын жана сертификатта шартталган проценттерди сертификатты берген банктан же анын кайсы болбосун филиалынан алууга карата салым салуучунун (сертификатты кармоочунун) укугун ырастаган баалуу кагаз болуп саналат.

2. Сактык (депозиттик) сертификаттар энчилүү болуп саналат.

3. Сактык (депозиттик) сертификатты төлөмгө мөөнөтүнөн мурда көрсөткөн учурда, банк тарабынан салымдын суммасы жана, эгерде сертификаттын шарттарында проценттердин башка өлчөмү белгиленбесе, талап кылууга чейинки салымдар боюнча проценттер төлөнүп берилет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [758-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-758)  
Кийинки берене: [760-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-760)
