# 758-статья. Сактык китепчеси

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 758-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-758

---

1. Банк салым салуучунун талабы боюнча ага энчилүү сактык китепчесин берүүгө милдеттүү.

2. Салым боюнча эсепке акча каражаттарын салуу жана эсеп боюнча андан кийинки аракеттер сактык китепчеси менен ырасталат. Сактык китепчесинде көрсөтүлгөн маалыматтар банктын жана салым салуучунун ортосундагы салым боюнча эсептешүүлөр үчүн негиз болуп саналат.

3. Сактык китепчесинде банк тарабынан банктын жана анын тиешелүү филиалынын аталышы жана жайгашкан орду, салым боюнча эсептин номери, ошондой эле эсепке чегерилген акча каражаттарынын бардык суммалары, эсептен алып салынган акча каражаттарынын бардык суммалары жана банкка сактык китепчесин көрсөтүү учурунда эсептеги акча каражаттарынын калдыгы көрсөтүлүүгө жана ырасталууга тийиш.

4. Салымды берүү, ал боюнча проценттерди төлөө жана салым салуучунун эсептеги акча каражаттарын башка жактардын эсебине которуу жөнүндө тескемелерин аткаруу сактык китепчесин көрсөткөндө банк тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде энчилүү сактык китепчеси жоголуп кетсе же көрсөтүү үчүн жараксыз абалга келсе, банк салым салуучунун өтүнүчү боюнча ага жаңы сактык китепчесин берет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [757-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-757)  
Кийинки берене: [759-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-759)
