# 755-статья. Салымдын кайтарылып берилишин камсыз кылуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=5561..7302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-755>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-755.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 755-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-755

---

1. Банк салымдын сакталышын жана анын салым салуучуга өз убагында кайтарылып берилишин камсыз кылат. Банк салымды банктык салым келишиминин шарттарына ылайык кайтарып берүүгө милдеттүү. Келишимдин салымды алгачкы талап кылуу боюнча алуу укугунан баш тартуу тууралуу шарты жараксыз болот.

2. Кайсы түрдөгү болбосун банктык салым келишими боюнча, банк, кайтарылып берүүнүн келишимде каралган башка шарттарында салынган салымды (шарттуу салымды) кошпогондо, салымдын суммасын же анын бөлүгүн салым салуучунун алгачкы талап кылуусу боюнча төлөп берүүгө милдеттүү.

Салым салуучунун талабы боюнча мөөнөттүү салым мөөнөтү бүткөнгө чейин кайтарылып берилген учурларда салымдын суммасы салым салуучу кайрылган учурдан тартып 48 сааттын ичинде банк тарабынан берилет жана салым боюнча проценттер, эгерде келишимде башкача каралбаса, талап кылууга чейинки салымдар боюнча банк тарабынан төлөнүүчү проценттердин өлчөмүнө туура келген өлчөмдө төлөнүп берилет.

3. Салым салуучу мөөнөттүү салымдын суммасын - мөөнөттү бүткөндөн кийин же болбосо кайтарып берүүнүн башка шарттарында салынган салымдын суммасын - келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда кайтарып берүүнү талап кылбаса, келишим, эгерде анда башкача каралбаса, салымдын мөөнөтү бүткөн күнгө карата колдонууда болгон талап кылуу боюнча төлөнүүчү салымдын шарттарында узартылган болуп саналат.

4. Банк өзүнүн алган салымдарын кайтарууну камсыз кылуу үчүн пайдаланууга милдеттүү каражаттар жана ыкмалар "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана келишим менен аныкталат.

5. Банктык салым келишимин түзүүдө банк салымдын кайтарылып берилиши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылына тургандыгы тууралуу салым салуучуга маалымат берүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7541-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7541)  
Кийинки берене: [756-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-756)
