# 7541-статья. Салым боюнча проценттерди чегерүүнүн жана төлөөнүн тартиби

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7541-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7541

---

1. Банктык салымдын суммасына проценттер салым банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып салым аны салуучуга кайтарылган же болбосо салым башка негиздер боюнча аны салуучунун эсебинен алып салынган күндөн мурунку күнгө чейин чегерилет.

2. Банктык салымдын суммасына проценттер салым салуучунун талап кылуусу боюнча ага ар бир ай же квартал бүткөндөн кийин төлөнүп берилет, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган проценттер, эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, салымдын проценттер чегерилүүчү суммасына кошулат.

Салымды кайтарып берүүдө бардык чегерилген жана ошол учурга карата төлөнө элек проценттер төлөнүп берилет. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [754-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-754)  
Кийинки берене: [755-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-755)
