# 753-1-статья. Балдардын салымдары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-753-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 753-1-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-753-1

---

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдар ата-энелеринин, асырап алуучуларынын жана камкорчуларынын макулдугусуз, өз алдынча, ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банктарга салымдарды салууга жана аларды тескөөгө укуктуу.

2. Үчүнчү жактар балдар атына салымдарды салышы мүмкүн (үчүнчү жактын пайдасына салым).

3. Он төрт жашка чейинки курактагы балдардын атына салынган салымды анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү тескейт.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [753-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-753)  
Кийинки берене: [754-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-754)
