# 752-статья. Банктык салым келишиминин формасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 752-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-752

---

1. Банктык салым келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Эгерде салымдын салынгандыгы сактык китепчеси, сактык же депозиттик сертификаттар же болбосо банк салым салуучуга берген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ушундай документтер үчүн каралган талаптарына жооп берген документтери менен ырасталса, банктык салым келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы сакталды деп эсептелет.

2. Банктык салым келишиминин жазуу жүзүндөгү формасын сактабоо бул келишимдин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим арзыбас келишим болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [751-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-751)  
Кийинки берене: [753-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-753)
