# 751-статья. Банктык салым келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-751>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-751.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 751-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-751

---

1. Банктык салым келишими боюнча, салым салуучудан келип түшкөн же ал үчүн келип түшкөн акчалай сумманы (салымды) кабыл алган банк салым салуучуга ушул сумманы жана ага карата проценттерди же башкача формадагы кирешени келишимде каралган шарттарда жана тартипте төлөп берүүгө милдеттенет.

Салымдын суммасы банкка келип түшкөн күндөн тартып банктык салым келишими түзүлдү деп эсептелет.

2. Жаран салым салуучу болуп саналган банктык салым келишими ачык келишим болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [750-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-750)  
Кийинки берене: [752-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-752)
