# 750-статья. Акча каражаттарын салымдарга тартуу укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", Гражданский кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111844)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.12.2018 [Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", Гражданский кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111844); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281640..1281642>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-750>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-750.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 750-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-750

---

1. Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын негизинде иштөөчү жана банктардагы салымдарды коргоо системасына катышуучу банктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, анын тиешелүү лицензиясын алган банктык эмес башка финансы-кредиттик уюмдарга гана таандык. Банктар салымдардын сакталышын жана салым салуучулардын алдында өздөрүнүн милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылат.

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген кайсы болбосун башка юридикалык жана жеке жактар кайсы формада болбосун туруктуу негизде, анын ичинде ачык түрдө тартуу жолу менен, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында акча каражаттарын тартууга укуксуз болот. Бул тыюу салууну бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.

2. Салымдарга акча каражаттарын тартуу банктык салым келишими менен жол-жоболоштурулат.

3. Салым салуучудан салым салымдарды кабыл алууга укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда, салым салуучу салымдын суммасын токтоосуз кайра берүүнү, ошондой эле салымга карата ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөөнү жана салым салуучуга келтирилген бардык чыгашаларды проценттердин суммасынан тышкары төлөөнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак салым салуучунун акча каражаттарын банктык салым келишиминин шарттарында кабыл алса, бул келишим жараксыз болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкүдөй учурларда да колдонулат:

1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын салымга вексель же салым кармоочулардын алгачкы эле талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздарга алмаштыруу иретинде тартууда жана салым салуучунун ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууда;

2) чыгарылышы мыйзамсыз деп таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды граждандарга жана юридикалык жактарга сатуу жолу менен алардын акча каражаттарын тартууда.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [749-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-749)  
Кийинки берене: [751-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-751)
