# 749-статья. Банктык салым түшүнүгү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-749>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-749.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 749-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-749

---

1. Банктык салым (депозит) - бул, белгилүү бир мөөнөткө же болбосо талап кылганга чейин же болбосо түзүлгөн келишимде аныкталган белгилүү бир жагдай (учур) келип чыкканга (келип чыкпаганга) чейин сактоо жана киреше алуу максатында жеке же юридикалык жактар банкка салган улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары.

2. Банктык салым келишимин түзүп жатканда банк кардардын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн ага банктык эсеп ачууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, салымдар менен иштөөнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [748-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-748)  
Кийинки берене: [750-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-750)
