# 748-статья. Финансы агенти алган сумманы карызкорго кайтарып берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-748>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-748.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 748-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-748

---

1. Карызкор менен келишим боюнча милдеттенмесин клиент бузган учурда карызкор финансы агентине өткөн талап кылуу укугуна ылайык ага төлөп берген сумманы, эгерде ал сумманы түздөн-түз клиенттен алууга акысы бар болсо, финансы агентинен кайра талап кылууга укугу жок.

2. Карызкордун финансы агентине өткөн талап кылуу укугуна ылайык ага төлөп берген сумманы түздөн-түз клиенттен алууга укугу болгон учурда, эгерде финансы агенти талап кылуу укугу берилгендигине байланыштуу клиентке убада кылган төлөмүн төлөбөй койгондугу же клиенттин карызкор алдындагы милдеттенмесин бузгандыгын билип туруп төлөп бергендиги далилденсе, анда карызкор финансы агентинен ал сумманы кайра талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [747-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-747)  
Кийинки берене: [749-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-749)
