# 746-статья. Карызкордон алган суммага карата финансы агентинин укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-746.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 746-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-746

---

1. Эгерде акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминин шарты боюнча клиентти финансылоо финансы агентинин ушул талапты сатып алышы менен жүргүзүлсө, анда ал финансы агентинин ушул талапты аткаруу боюнча карызкордон алынуучу бардык суммага карата укугу болот, ал эми клиент агенттин талап боюнча алган суммасы талапты сатып алган суммадан аз болуп калгандыгы үчүн финансы агентинин алдында жоопкерчилик тартпайт.

2. Эгерде акчаны талап кылуу укугу финансы агентине клиенттин милдетинин аткарылышын камсыз кылуу максатында берилсе жана акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминде башкасы каралбаса, финансы агенти клиенттин алдында отчет берүүгө жана акчаны талап кылуу укугунун берилиши менен камсыз кылынган клиенттин карызынан ашкан сумманы ага берүүгө милдеттүү. Эгерде финансы агентинин карызкордон алган суммасы клиенттин финансы агентине талап кылуу укугу менен камсыз кылынган карызынан аз болуп калса, анда клиент карыздын калган бөлүгү үчүн финансы агентинин алдында милдеттүү болот.

---

Мурунку берене: [745-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-745)  
Кийинки берене: [747-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-747)
