# 745-статья. Карызкордун акчалай талапты финансы агентине аткарышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 745-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-745

---

1. Карызкор акчаны талап кылуу укугунун ушул финансы агентине берилгендиги жөнүндө клиенттен же финансы агентинен билдирүү алган жана ал билдирүүдө акчалай талаптын тийиштүү түрдө аткарылышы аныкталган жана, ошондой эле төлөнүп берилүүгө тийиш болгон финансы агенти көрсөтүлгөн шартта финансы агентине төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Карызкордун өтүнүчү боюнча финансы агенти акылга сыярлык мезгил ичинде акчаны талап кылуу укугунун ушул финансы агентине берилгендигинин далилин берүүгө тийиш. Эгерде финансы агенти бул милдетин аткарбаса, анда карызкор бул талап боюнча карызын клиентке анын алдындагы милдетинен кутулуу үчүн төлөп берүүгө акылуу.

3. Ушул статьянын эрежелерине ылайык карызкордун акчалай талапты финансы агентине аткарып бериши карызкорду клиенттин алдындагы тийиштүү милдетинен кутултат.

---

Мурунку берене: [744-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-744)  
Кийинки берене: [746-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-746)
