# 739-статья. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-739>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-739.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 739-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-739

---

1. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими боюнча бир тарап (финансы агенти) экинчи тарапка (клиентке) клиенттин үчүнчү тарапка (карызкорго) товар бергендигинен, жумуш аткаргандыгынан же кызмат көрсөткөндүгүнөн улам андан алууга тийиш болгон акчаны талап кылуу укугунун эсебинен акчаны берет же берүүгө милдеттенет, ал эми клиент ал акчаны талап кылуу укугун финансы агентине берет же берүүгө милдеттенет.

Карызкордон акчаны талап кылуу укугун клиент өзүнүн финансы агентинин алдындагы милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу максатында да финансы агентине бериши мүмкүн.

2. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими боюнча финансы агентинин милдети клиент үчүн бухгалтериялык эсеп жүргүзүүнү, ошондой эле талап кылуу укугунун предмети болуп эсептелген акчалай талаптарга байланыштуу башка финансы кызматтарын клиентке көрсөтүүнү камтышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [73861-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73861)  
Кийинки берене: [740-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-740)
