# 73861-статья. Конвертациялануучу заем келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 342-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=56430..57490>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73861>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73861.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73861-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73861

---

1. Стартаптардын, инновациялык компаниялардын жана венчурдук инвесторлордун ортосунда түзүлгөн, келечекте белгиленген мөөнөттө жана (же) тараптар макулдашкан шарттар жана башка жагдайлар келип чыкканда заемду компаниянын акцияларына же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүнө конвертациялоонун шарттарын белгилөөчү келишим конвертациялануучу заем келишими деп таанылат.

2. Конвертациялануучу заем келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- заем берүүчү заемду конвертациялоону талап кылуу, ал эми заем алуучу заемду конвертациялоону камсыз кылуу укугу келип чыккан мөөнөт же шарттар;

- пайыздык ставка;

- стартапты баалоо (максималдуу);

- инвесторго берилүүчү дисконт же арзандатуу, ошондой эле коомдун уставдык капиталын көбөйтүү суммасы же аларды аныктоо тартиби.

3. Конвертациялануучу заем келишимин, мурда түзүлгөн келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашууну, ошондой эле башка жакка конвертациялануучу заем келишимин аткаруу үчүн заем алуучудан бул жактын пайдасына кошумча акцияларды жайгаштырууну талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүү эгерде аталган келишимде мындай өткөрүп берүүгө жол берилсе, заем алуучунун акционерлеринин же коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун алдын ала макулдугун талап кылат.

4. Заемду конвертациялоонун шарттары жана тартиби, анын ичинде конвертациялоо коэффициенти жана конвертациялоо келип чыккан шарттар тараптар тарабынан макулдашылышы жана жазуу жүзүндө жазылышы керек.

5. Конвертациялануучу заем келишимин түзүү үчүн милдеттүү шарт болуп коомдун катышуучуларынын (акционерлеринин) добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынган заем алуучунун катышуучуларынын (акционерлеринин) жалпы чогулушунун чечиминин болушу эсептелет.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73860-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73860)  
Кийинки берене: [739-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-739)
