# 73860-статья. Опциондук келишим

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 342-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=56430..57490>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73860>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73860.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73860-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73860

---

1. Опциондук келишим боюнча бир тарап (опциондун ээси) мындай келишимде каралган шарттарда экинчи тараптан (опционду сатуучудан) опциондук келишимде каралган аракеттерди жасоону (анын ичинде акча каражаттарын төлөөнү, мүлктү, анын ичинде компаниянын акцияларын же компаниянын уставдык капиталындагы үлүшүн өткөрүп берүүнү же кабыл алууну) келишимде белгиленген мөөнөттө талап кылууга укуктуу жана мында, эгерде ыйгарым укуктуу тарап көрсөтүлгөн мөөнөттө талапты билдирбесе, опциондук келишим токтотулат. Опциондук келишимде опциондук келишим боюнча талап мындай келишимде аныкталган жагдайлар келип чыкканда билдирилген болуп эсептелет деп каралышы мүмкүн.

2. Эгерде опциондук келишимде, анын ичинде коммерциялык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимде анын кайтарымсыздыгы каралган же болбосо мындай келишимди түзүү тараптардын мамилелеринен келип чыгуучу башка милдеттенме же мыйзам тарабынан корголуучу башка кызыкчылык менен шартталган учурларды кошпогондо, опциондук келишим боюнча талап коюу укугу үчүн тарап мындай келишимде каралган төлөмдү төлөйт.

3. Эгерде опциондук келишимде башкача каралбаса, опциондук келишим токтотулган учурда ушул статьянын 2-пунктунда каралган төлөм кайтарылууга тийиш эмес.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73859-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73859)  
Кийинки берене: [73861-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73861)
