# 73857-статья. Кепилденген сактоо келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2026 [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899) (күчүнө кире элек); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54881..54892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73857-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73857

---

1. Кепилденген сактоо келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардан акча каражаттарын кабыл алат жана аларды пайда алуу максатында тескейт.

2. Кепилденген сактоо келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү банк салымдар боюнча эсептерди ачуу жана аларды тейлөө аркылуу жүргүзөт.

3. Кепилденген сактоо келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайдадан банк өз ыктыяры боюнча кардарга сый акы (хиба) төлөшү мүмкүн.

4. Банк кардарга берилүүчү сый акыларды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин белгилөөгө укуктуу.

5. Банк кардарга сый акыны акчалай да, мыйзамда тыюу салынбаган башка формада да төлөөгө укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 11. Финансылоонун ислам принциптери боюнча башка бүтүмдөрүн жана келишимдерин укуктук жөнгө салуу

(Параграфы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73856-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73856)  
Кийинки берене: [73858-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73858)
