# 73855-статья. Салам келишими боюнча чектөөлөр

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73855>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73855.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73855-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73855

---

1. Товарларды жеткирүүнү кечиктиргендик үчүн финансылык санкциялар каралган эскертмелерди салам келишимине кошууга жол берилбейт.

2. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмесин аткаруу жана товарларды жеткирүү үчүн сатуучу ушул салам келишиминде каралгандай өзүнчөлөнүштөгү товарларды сатып алууга үчүнчү жак менен өзүнчө салам келишимин түзүүгө укуктуу.

3. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган, сыпаттамасы биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу болжолдонгон товарлардын сыпаттамасына туура келген товарларды сатуу максатында, сатып алуучу үчүнчү жак менен өзүнчө жарыш салам келишимин түзүүгө укуктуу.

4. Тараптарга салам келишими боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелерге байланыштырууга жол берилбейт.

Эки салам келишими боюнча милдеттенмелер жана укуктар өз-өзүнчө болууга тийиш. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелер бузулган учурда башка тараптын (жабырлануучу тараптын) бул зыянды же чыгашаларды биринчи тарап жарыш салам келишимин түзгөн тарапка байланыштырууга укугу жок.

5. Салам келишиминен келип чыгуучу карыздык милдеттенмелер боюнча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык) § 10. Ишенилген (вади'айад аманат) жана кепилденген (вади'айад дамана) сактоо келишимдери

---

Мурунку берене: [73854-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73854)  
Кийинки берене: [73856-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73856)
