# 73853-статья. Салам келишими боюнча беримдер (поставкалар)

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73853-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73853

---

1. Салам келишиминде беримдин мөөнөтү, ыкмасы жана орду аныкталат.

2. Сатуучу белгиленген күндө, салам келишиминин шарттарына жараша, товардын сүйлөшүлгөн өзүнчөлөнүштөрүнө ылайык жана сүйлөшүлгөн санда сатып алуучуга жеткирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, экинчи тараптан, эгерде товар келишимде каралган талаптарга жооп берсе, товарды кабыл алууга тийиш.

3. Товарлар тараптардын макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда жеткирилиши мүмкүн.

4. Эгерде сатуучу келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товарга караганда жогорку сапаттагы товарды сунуштаса жана жогорку сапат үчүн жогорураак бааны талап кылбаса, сатып алуучу товарды кабыл алууга тийиш. Бул эреже салам келишиминде каралган товардык сыпаттама (кыйла төмөн сапаттык өзүнчөлөнүштөр менен) олуттуу шарт болуп саналбаган учурда гана колдонулат.

5. Эгерде жеткирилген товардын сапаты келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товардыкына караганда төмөн болсо, сатып алуучу бул товардан баш тартууга же болбосо аны ошол абалында кабыл алууга укуктуу. Товар кабыл алынган учурда тараптар мындай товарды баасын төмөндөтүү менен кабыл алуу тууралуу келишимге келе алат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73852-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73852)  
Кийинки берене: [73854-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73854)
