# 7385-статья. Мудараба келишими боюнча мударибдин укуктары жана милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7385-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7385

---

1. Мудараба келишими боюнча мудариб бардык отчетторду жана инвестор үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды инвесторго берет, Шариат стандарттарынын зарыл талаптарын жана мудараба келишиминин шарттарын сактоо максатында, ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатын толук контролдоого жана инвестордон алынган, ошондой эле келишимди аткаруу процессинде алына турган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүүгө милдеттүү болот.

2. Мудариб инвестордон алынган акча каражаттарын мудараба келишиминде каралган максаттарга гана пайдаланууга укуктуу.

3. Мудариб инвестордон алган капиталды мудараба келишимине ылайык пайда алуу максатында башкарууга жана сый акы алууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7384-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7384)  
Кийинки берене: [7386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7386)
