# 73844-статья. Кепилдик жөнүндө келишим боюнча чектөөлөр

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73844>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73844.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73844-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73844

---

1. Мудараба келишиминин же мушарака келишиминин катышуучусу болуп саналган банк чет өлкөлүк валюталардын курсунун өзгөрүүсүн кепилдөөгө укугу жок.

2. Кепилдик каттарды проценттик карызды же тыюу салынган бүтүмдөрдү түзүү үчүн пайдалана турган арыз ээсинин пайдасына кепилдик каттарды берүүгө уруксат берилбейт.

3. Үчүнчү тарапка (мударибден же инвестициялык агенттен башка) ыктыярчылык милдеттенме алууга уруксат берилет, бул милдеттенмеде, кепилдик мудараба финансылык контрактына же инвестициялык агенттиктин контрактына эч кандай байланышпаган шартта, милдеттенме берилген тараптын инвестициялык жоготууларын төлөп берүү милдети тастыкталат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73843-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73843)  
Кийинки берене: [73845-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73845)
