# 7384-статья. Мудараба келишими боюнча инвестордун укуктары жана милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7384-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7384

---

1. Мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына ылайык аракет жүргүзүүгө, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө акча каражаттарын мударибге берүүгө, өзү берген акча каражаттарынын пайдаланылышын жана мудараба келишиминин башка шарттарынын сакталышын контролдоого, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө пайданы алууга укуктуу.

2. Мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же болбосо талаптагыдай эмес аткарылган учурда инвестор мудараба келишими боюнча берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, анын ичинде мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөөнү мударибден талап кылууга укуктуу. Мудараба келишиминде инвестордун башка укуктары да каралышы мүмкүн.

Инвестор келишимди аткаруу боюнча мударибдин учурдук иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7383)  
Кийинки берене: [7385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7385)
