Аккаунтту тууралаңыз

73839-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин өзгөчөлүктөрү

Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 341-глава

Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

73839-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
16.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин өзгөчөлүктөрү 1. Өндүрүүчү банкрот болгон учурда, сатып алуучу сарпталган материалдардын наркынын бөлүгүн төлөп берген шартта, сатып алуучу бүткөрүлө элек өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот. 2. Истиснаа келишиминде анын предмети болуп саналган курулмалардын кайсы болбосун мүчүлүштүгү же аларды техникалык тейлөө үчүн өндүрүүчү жоопкерчилик тарта турган мөөнөт белгилениши мүмкүн. 3. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу истиснаа келишиминин предмети болуп саналган учурда тараптар түпкү сатып алуучуга же подрядчыга таандык болушу мүмкүн объекттин курулушу жүзөгө ашырыла турган жер тилкесин аныктоого тийиш. 4. Тапшырыкчыга таандык жерде имараттар же коммуналдык курулмалар курулган учурда, эгерде өндүрүүчү истиснаа келишиминин шарттарын аткарбаса же белгиленген убакыт ичинде жумушту бүткөрө албаса, курулушту финансылоо өндүрүүчүгө жүктөлөт, бул жобо өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет. 5. Эгерде подрядчы өз милдеттенмесин аткарууну уланта албаган абалда болсо, тапшырыкчы (жер ээси) дээрлик даяр болуп калган бүткөрүлбөгөн курулушту же коммуналдык курулманы подрядчыга төлөп бербестен өз менчигине алууга укуксуз болот. Эгерде истиснаа келишиминин талаптары подрядчынын күнөөсү боюнча аткарылбаса, ташпырыкчы курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуштук подрядчы түпкү сатып алуучу тарткан иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын ага төлөп бериши керек. Эгерде истиснаа келишиминин аткарылбоосу тапшырыкчынын укук ченемсиз аракеттерине байланышса, подрядчы бүткөрүлгөн жумуштун наркына барабар сумманы жана кайсы бир чыгашалар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу болот. Эгерде истиснаа келишиминин аткарылбоосу ушул келишимдин тараптарынын бирине да тиешеси болбогон себептерге байланышса, түпкү сатып алуучу тийиштүү жерде турган курулган курулмага гана укуктуу болот жана тараптардын бири да башка тарап тарткан чыгашаларды жана зыяндарды компенсациялоо үчүн жоопкерчилик тартпайт. 6. Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүү истиснаа келишиминин предметинин наркынын көбөйүүсүнө алып келгенде, кошумча сарптоолорду ташпырыкчы тартат. 7. Истиснаа келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чыгымдар, эгерде бул келишимде башкача каралбаса, тапшырыкчыга жүктөлөт. 8. Эгерде истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучуга же болбосо ал дайындаган жакка өткөрүлүп берилсе жана түпкү сатып алуучу истиснаа келишиминин предметин толук контролдоону жүзөгө ашыра алса, өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат. 9. Банк катышкан истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими боюнча бүтүмдөрдүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилениши мүмкүн. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-73839" title="73839-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>