# 73838-статья. Истиснаа келишиминин баасы жана эсептешүү тартиби

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=34310..40564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73838-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73838

---

1. Истиснаа келишими түзүлгөнгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат.

Истиснаа келишиминин предметинин баасы истиснаа келишими түзүлгөн учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.

2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун негизинде же келишимде каралган мөөнөттүн ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо, эгерде келишимдин предметин берүү этап менен жүргүзүлсө, сумманын бөлүгү токтоосуз төлөнүшү мүмкүн, ал эми калган бөлүгү берүүнүн же жумуштарды аткаруунун этаптарына жараша бөлүп төлөнөт.

3. Төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн төлөм алууга тыюу салынат. Истиснаа келишиминде каралбаса да, алдын ала төлөм үчүн жеңилдик берүүгө жол коюлат.

4. Истиснаа келишиминин предметин сатуу боюнча чыгымдарды тапшырыкчы тартат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73835-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73835)  
Кийинки берене: [73839-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73839)
