# 73833-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281643..1281644>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73833-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73833

---

1. Кард келишими боюнча бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка (карыз алуучуга) акча каражаттарын кайтарымдуулук шарттарында жана бул үчүн төлөм алуусуз карызга берет. Мында, эгерде каражаттарды кайтаруу мөөнөтү белгиленбесе, акча каражаттарды кабыл алган тарап экинчи тараптын биринчи эле талабы боюнча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кард келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73832-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73832)  
Кийинки берене: [73834-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73834)
