# 73832-статья. Иджара келишимин токтотуу, бузуу жана анын кесепеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.09.2021 [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281643..1281644>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73832-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73832

---

1. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) өз ара макулдашуу боюнча;

2) иджара келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;

3) мүлк ижарачыга сатылганда;

4) тараптарга байланыштуу болбогон башка себептерден улам.

2. Ижарага берүүчү ижарага өткөрүлүп берилген мүлктү, иджара келишими бар экендигин билдирүү менен, үчүнчү жакка сата алат. Мында иджара келишими боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт.

3. Иджара келишиминин предмети кокустан жараксыз болуп калгандыгына же бузулуп калгандыгына жана андан ары аны пайдалануунун мүмкүн эместигине байланыштуу иджара келишими бузулганда ижара төлөмдөрү жүзөгө ашырылбайт.

4. Мүлктүн бөлүгү бузулууга учураган жана бул пландаштырылган кирешелердин азайышына алып келген учурда ижарачы иджара келишимин ажыратууга же ижарага берүүчүнүн макулдугу боюнча ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. Мында пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм алынбайт.

5. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же аны ээсине анын макулдугусуз кайтарып берсе, иджара келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн калган мезгили үчүн ижара төлөмү мүлк ээсине төлөнүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижарага берүүчү иджара келишимин колдонуунун ушул мезгили ичинде ал мүлктү башка ижарачыга ижарага бере албайт, бирок мүлктү жаңы ижарачынын тескөөсүндө сактоосу керек.

6. Менчик укугунун өтүшү үчүн негиз болуп иджара келишиминде же төмөнкүдөй убадалар камтылган башка документте бул тууралуу көрсөтүү саналат:

1) ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн сүйлөшүлгөн баага же прогрессивдүү төлөөнүн жардамы менен же ижарага берилген мүлктүн рыноктук наркын төлөө жолу менен сатуу;

2) себептерин көрсөтүүсүз аны белекке берүү;

3) калган төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү.

7. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде менчик укугун өткөрүп берүү убадасы, ижарачы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган шартта, ижарага берүүчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.

8. Менчик укугун өткөрүп берүү белекке берүү же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат, ал иджара келишиминен жана берилген убададан өзүнчө түзүлөт.

9. Иджара келишими шарттардын аткарылышын кийинкиге жылдыруу шарты менен түзүлгөн учурда, менчик укугун өткөрүп берүүгө жаңы иджара келишими түзүлбөйт.

10. Эгерде иджара келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө эч болбогондо бир төлөм төлөнбөсө же мөөнөттү бузуу менен төлөнсө, мүлккө менчик укугу өткөрүлүп берилбеши мүмкүн.

11. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн:

1) иджара келишиминин шарттары бузулган учурда;

2) ижара төлөмдөрүнүн мөөнөттөрү бузулган же токтотулган учурда;

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) § 6. Кард келишими (Параграф КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73831-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73831)  
Кийинки берене: [73833-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73833)
