73827-статья. Иджара келишимин түзүү тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 341-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105
1. Иджара келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө жана нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жатат.
2. Иджара келишими боюнча мүлк иджара келишими түзүлгөндөн кийин өткөрүлүп берилет.
3. Ижарачы тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу убадасын - милдеттенмелеринин аткаруусунун кепилдиги катары белгилүү өлчөмдөгү сумманы салат. Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда, келтирилген зыяндын ордун жабууга, ошондой эле ижарачынын макулдугу боюнча сатылып алына турган мүлктү соода-сатык келишими боюнча сатып алуу үчүн же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары пайдаланылат. Ижарачы менен макулдашуу боюнча ижарачы менен ижарага берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде ижара берүүчү көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасын инвестиция үчүн пайдаланышы мүмкүн.
Ижарага берүүчү менен ижарачынын ортосунда алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдашуулар, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык же айрым олуттуу шарттарын камтыган ижарачынын табыштамасы, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлктү сатып алууга ижарага берүүчүнүн убадасы - ижарачынын жана ижарага берүүчүнүн ортосунда лизингдик укуктук мамилелеринин жыйындысын түзөт жана иджара мунтахийя биттамлик келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73827-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-73827" title="73827-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>