# 73823-статья. Кемүүчү мушарака келишими боюнча жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2026 [Закон КР от 8 июня 2026 года № 85 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046899) (күчүнө кире элек); 02.09.2021 [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=54881..54892>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73823-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73823

---

1. Кемүүчү мушарака келишими - шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн өнөктөштүктөгү же болбосо мүлктөгү үлүшүн ага менчик укугу толук өткөнгө чейин бара-бара сатып алууга милдеттенет.

2. Кемүүчү мушарака келишими, ошондой эле үлүштүн өзүн сатып алуу жөнүндө келишим шарика/мушарака келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралгандыгына же жоктугуна карабастан түзүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн келишимдердин бири башка келишимди түзүү шартында түзүлүшүнө жол берилбейт.

3. Кемүүчү мушарака келишимине кайсы болбосун тарапка өнөктөштүктүн капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алуу укугун бере турган кандайдыр бир жобону киргизүүгө тыюу салынат.

4. Ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер кемүүчү мушарака келишими боюнча мамилелерге карата колдонулат.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кемүүчү мушарака келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2026-жылдын 8-июнундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§ 5. Иджара келишими

---

Мурунку берене: [73822-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73822)  
Кийинки берене: [738-24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-738-24)
