# 73822-статья. Шарика/мушарака келишиминин колдонуу мөөнөтү. Түзүлгөн юридикалык жактын ишин токтотуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112286)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281643..1281644>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-73822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 73822-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73822

---

1. Тараптар шарика/мушарака келишимин белгилүү бир мөөнөткө, ошондой эле мөөнөтүн көрсөтпөстөн түзө алат же болбосо жокко чыгаруучу шартты (шарика/мушарака келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шартты) шарика/мушарака келишимин токтотуу үчүн негиз катары белгилей алат.

Шарика/мушарака келишими ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак жоюлган учурда токтотулат.

2. Ар бир өнөктөш шарика/мушарака келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу.

3. Эгерде шарика/мушарака келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, шарика/мушарака келишиминин өнөктөштөрү тараптардын макулдашуусу боюнча өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Бардык ушундай учурларда шарика/мушарака келишими токтотулганга чейин өнөктөштөр ишке ашыра турган милдеттенмелер жана иш-аракеттер өзгөрүүсүз бойдон калат жана алардын колдонулушу улантылат.

4. Шарика/мушарака келкшиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак өз ишин шарика/мушарака келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот.

5. Өнөктөштөр түзгөн юридикалык жак жоюлган учурда тараптар юридикалык жакты иш жүзүндө жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика/мушарака келишимин түзүүгө укуктуу.

6. Эгерде жоюу шарика/мушарака келишиминин мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу болсо, анда колдо болгон бардык активдер рыноктук баада сатылат, ал эми сатуудан түшкөн кирешелер төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:

1) жоюуга кеткен чыгымдарды жабууга;

2) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөгө;

3) калган активдерди өнөктөштөрдүн ортосунда алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрү салган капиталын толук кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө жараша пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык) § 4. Кемүүчү мушарака келишими (Параграф КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73821-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73821)  
Кийинки берене: [73823-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-73823)
