# 7382-статья. Мудараба келишиминин түрлөрү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 341-глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281635..1281636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-7382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 7382-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7382

---

1. Мудараба келишими төмөнкүдөй түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:

1) чектелген (атайын) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялоосу үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында, инвестициялоонун ар бир активи/объекти үчүн мударибдин жана инвестордун ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт;

2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб өзүнө инвестор берген каражаттарды өз ыктыяры боюнча пайдаланууга укуктуу;

3) ачык мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор өзү берген акча каражаттарын мударибден мөөнөтүнөн мурда (алгачкы талап кылуусу боюнча) алууга укуктуу. Мындай учурда банк (эгерде ал мудариб катары чыгып жатса) акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы инвесторго төлөп берет.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишиминин башка түрлөрү каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7381-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7381)  
Кийинки берене: [7383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-7383)
